Видео — Кыргызстанда «Мектепке электрондук каттоо» системасын ишке киргизүү боюнча даярдыктар жүрүүдө

Видео — Кыргызстанда «Мектепке электрондук каттоо» системасын ишке киргизүү боюнча даярдыктар жүрүүдө

Билим АКИpress - Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги «Мектепке электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча даярдыктарды көрүүдө. Бул боюнча видео-анонс Youtube каналанда жарыяланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 15-февралынан баштап кезекке турууга болот. Система азырынча Бишкек шаарындагы мектептерде гана иштеп турат.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору — бул мектеп курагына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска жаздыруу процессин автоматташтырган маалыматтык система.

Аталган система мамлекеттик Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан билим берүү кызматын жүзөгө ашыра турган акысыз программалык продукт болуп эсептелет. Ал Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү процессин илгерилетүүгө көмөк көрсөтүшү күтүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up