Ысык-Көлдө окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө (сүрөт)

Ысык-Көлдө окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көлдө жол сакчылары окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККБнын нускоочусу Рысменде Бейшен уулу маалымдады.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында 2019-жылдын 21-25-январь күндөрү «Абайлагыла, балдар!» аттуу иш-чара өткөрүлүп жатат. Анын алкагында ЖКККБ кызматкерлери өздөрүнө бекитилген ар бир мектеп окуу жайларын кыдырып, окуучуларга жол эрежелерин тууралуу айтып берип жатышат.

Мындан сырткары, мектепке жакын жайгашкан көчө-жолдордо окуучулар эрте менен сабакка келип-кетип жаткан учурларда ЖККБ кызматкерлери алардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында кызмат өтөшүүдө.

Аталган иш-чара облус аймагында 25-январга чейин жүргүзүлмөкчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up