Ноокатта 30 окуучу менталдык арифметика боюнча облустук олимпиадага жолдомо алышты

Ноокатта 30 окуучу менталдык арифметика боюнча облустук олимпиадага жолдомо алышты

Билим АКИpress - Ноокат районунда менталдык арифметика боюнча олимпиада өтүп, анын жыйынтыгында 30 окуучу облустук турга жолдомо алышты. Бул тууралуу уюштуручулардын бири, Ноокат интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун кызматкери Эламан Касымов билдирди.

Анын айтымында, олимпиадага райондогу 16 мектептен 262 окуучу катышты. Олимпиаданын 1-турунда окуучулар абакус менен 60 эсепти иштесе, 2-турунда визуалдык түрдө 60 мисалды чыгарышты. Жыйынтыгында алдыңкы көрсөткүчкө ээ болгон 53 окуучуга ардак грамоталар тапшырылып, 30 окуучу облустук турга жолдомо алышты.

Мындан сырткары, олимпиадага окуучулар менен бирге 100гө жакын ата-эне келишкен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up