Кара-Балтадагы №5 мектептин мугалимдери менен окуучулары сыйлыктарды алышты (сүрөт)

Кара-Балтадагы №5 мектептин мугалимдери менен окуучулары сыйлыктарды алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектебинин мугалимдери менен окуучулары Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн видеотасмалардын республикалык сынагына катышып, ардак грамоталар жана китептер менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жамансартова маалымдады.

Анын айтымында, Кара-Балта шаарындагы №5 окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектеп залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде көлөкөлүү тасма жаратышкан. Ал республикалык сынакта жогору бааланып, сыйлыктарга татыктуу болду.

«Бизде чыгармачыл мугалимдер, таланттуу окуучулар арбын. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы мектепте зор салтанат менен кыргыз жана орус тилдеринде байма-бай өткөрүлдү. Өзгөчө, окуучулардын көлөкөлүү тасма жаратышы кызыгуу жаратты. Биз аны республикалык сынакка сунуштаганбыз. Натыйжада мугалимдер Лейла Усупбаева, Бактыгүл Кулуева жана 9-класстын окуучусу Ислам Асанбеков Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле окуучуга Ч.Айтматовдун китептери да ыйгарылды. Калган 9 окуучу республикалык жаштардын экология, мекен таануу жана туризм борбору тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Мындай жетишкендиктерди жаратууда мектеп директору Светлана Краснобородкинанын салымы өзгөчө экендигин баса белгилөөбүз абзел», - деди Г.Жамансартова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up