Ноокатта мектеп окуучуларына өрт кырсыгынан сактануу жолдору үйрөтүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 29-январында ӨКМдин Ноокат районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кенеш айыл аймагындагы «Арбын» жана «Шанкол» орто мектептеринде «Өрт кырсыгы катталган учурда кандай иш-аракеттерди аткаруу керек?» деген темада окутуу уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окутуунун максаты — мектеп окуучуларына өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүү, ошондой эле өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого үндөө.

Иш-чарага «Арбын» атындагы орто мектебен 230 окуучу жана мугалимдер катышты, ал эми «Шанкол» атындагы орто мектебинен 254 окуучу жана мугалимдер катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up