Эми мугалимдер жергиликтүү бийликтин буйруктарын аткарышпайт

Эми мугалимдер жергиликтүү бийликтин буйруктарын аткарышпайт

Билим АКИpress - Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, мугалимдер окуучулардын билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылып, балдарды тарбиялашы керектиги тууралуу жана алар жергиликтүү бийлик органдарынын тапшырмасы менен ар кандай маалыматтарды чогултуу менен алектенбеши керектиги жөнүндө маалымадайт.

Ведомстводон белгилешкендей, бул биринчи кезекте билим берүү процессине терс тааасирин тийгизет.

Ушуга байланыштуу ведомство тарабынан мугалимдерди билим берүү системасынан сырткары кандайдыр-бир иш-чараларга тартууга жол бербөө тууралуу буйрук даяр болду. Мугалимдер педагогикалык ишмердүүлүк менен гана алектениши керек, деп белгилешти Билим берүү министирлигинен.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, министрдин буйругу менен түзүлгөн жумушчу тайпа мугалимдердин статусу жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга тиешелүү толуктоолорду даярдап жатат.

Буга чейин АКИpress маалымат агенттигине Аламүдүн районунун Чыгыш айылындагы мектептин мугалимдери дайыма короо кыдыртып, райондун тургундары тууралуу маалыматтарды чогултууга мажбурлап жатышканына нааразы болуп кайрылышкан болчу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up