Жол эрежелери боюнча сабактар 1-класстан 11-класска чейин өткөрүлөт, - Билим берүү министрлиги

Жол эрежелери боюнча сабактар 1-класстан 11-класска чейин өткөрүлөт, - Билим берүү министрлиги

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 1-11-класстардын окуучуларында көчөдө жана жолдордо сабаттуу жүрүү билимдерин калыптандыруу «Өмүр ишмердүүлүгүнүн коопсуздугунун негиздери» жана «Жолдо жүрүүнүн эрежелери» сабактарында ишке ашырылат.

ЖКЭ сабактан тышкаркы билим берүү программасы төмөнкүдөй көлөмдө окутулат:
1-класста – 16 саат;
2-класста – 9 саат;
3-класста – 20 саат;
4-класста – 12 саат;
5-9-класстарда – 9 саат;
10-11-класстарда – 4 саат.

Ар бир мектепте «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» отряды аракеттенет. Командалар өз чыгууларын орто мектептерде, бала бакчаларда көрсөтүшөт, ошону менен бирге балдарды жолдо жүрүүнүн эрежелерине үйрөтүшөт.

Жол кыймылынын жаш инспекторлору» отряддарынын карооо-сынактарынын программаларына төмөнкүдөй мелдештер камтылат:
1. «Иретти кароо»
2. «Жаш жөнгө салуучу»
3. «Келечектеги айдоочу»
4. «Жол кыймылынын эрежелеринин билермандары»
5. «Үгүт топтун чыгуусу»
6. «Жол белгилеринин өлкөсү»
7. «Капитандар таймашы»
8. «Коопсуз дөңгөлөк»

Окуу жылынын соңунда, жайкы эс алууга чыгуунун алдында башталгыч класстардын окуучулары үчүн «Көңүлдүү жол чырак» оюну өткөрүлөт. Анда балдар жол кыймылынын эрежелери боюнча билимдерин жана жөндөмдөрүн интерактивдүү формада белгилешет.



Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up