Москва районундагы окуучуларга жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо кетирген каталары тууралуу айтып беришти

Билим АКИpress - Ички иштер министрлигинин ЖКККББ кызматкерлери Москва районундагы «Биринчи май» жана №3 орто мектептеринин окуучуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларга жарык чагылдыруучу элементти сырткы кийимдерге колдонуу керектиги жана жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү тууралуу маалымат берүү.

Кызматкерлер окуучуларга жана ата-энелерге жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо кетирген каталары тууралуу айтып беришти. Иш-чаранын жыйынтыгында окуучулар ата-энелери менен биргеликте жол кыймылынын эрежелери боюнча видеотасмаларды көрүштү.

Мындай иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up