Жалгыз-Терек айылынын окуучулары Борбордук Азия университетинде болушту

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинин 2018-2019-окуу жылындагы бутүрүүчүлөрү класс жетекчиси менен бирге Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде экскурсияда болушту. Алар студенттердин жашоосу жана билим алуудагы шарттары менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар окуу капусу менен таанышып, студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү. Окуу каналарда болуп, студенттер менен жолугушуп, алардын кандай билим алып жаткандыгы тууралуу кабар алышты. Ошондой эле мугалимдер менен отуруп, кызыктырган суроолорго жооп алышты. Окуучулар бул сапардан абдан таасирленгендигин жана шыктангандыгын жашырган жок. Биздин максатыбыз — окуучуларды окууга шыктандыруу, алдыга максаттарды туура коюуга көмөктөшүү», - деди мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Саламат Абдыбилиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up