Сузакта коомдук маселелерди мыкты чечкен окуучулар акчалай сыйлык алышты (сүрөт, видео)

Сузакта коомдук маселелерди мыкты чечкен окуучулар акчалай сыйлык алышты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 1-3-февраль күндөрү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Жагымдуу Кыргызстан» аталышындагы экинчи «Мэйкатон» өткөрүлдү. Бул — социалдык-маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуучулардын форуму. Ал жерде жаштар 48 сааттын аралыгында өз коомчулуктарындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгышат.

Бул иш-чара 50 катышуучуну чогултту. Алардын арасында Сузак районунун 5 мектебинин окуучулары жана окуутучулары дагы бар. Алар тажрыйбалуу устаттар жана тренерлер менен биргеликте балдардын изилдөөлөрүнүн негизинде аныкталган маселелердин креативдүү чечүү жолдорун издешти. «Мэйкатондун» катышуучулары өз идеяларын ишке ашырууга керектүү болгон каражаттарды табуунун кызыктуу ыкмаларын, жаңы медиа технологияларды пайдалануу жана социалдык долбоорду ишке ашырууга керектүү жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүштү.

Иш-чаранын үчүнчү күнү катышуучулардын долбоорлорунун акыркы презентациясы уюштурулду. Бул презентацияга шаар бийлигинин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү чакырылды.

Ал эми атайын чакырылган эксперттер калыс катары катышуучуларга алардын иштеп чыккан долбоорлорун жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти. «Мэйкатондун» жыйынтыгында эң мыкты деп табылган 5 долбоор 250 доллар байгеге ээ болушту. Долбоорлор ушул жылдын жаз айларында ишке ашырылат.

«Мэйкатондун» алкагында окуучулар айылдагы таштанды, мектептеги коопсуздук, окуучулардын көйгөйлөрү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Аларды чечүү жолдору катары командалар бир канча идеяларды сунушташты. Алардын ичинде калктын маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн форум-театр өткөрүү, биргелешип таштандылардан арт-инсталляция жасоо, ата-энелер менен маектешүү жана жергиликтүү жашоочулар менен сынак уюштуруу сунуштары бар.

«Мен мектеп жана мектеп парламенти тууралуу көп нерселерди билбейт элем. Бул иш-чаранын жардамы менен балдар менен достошуп, өзүмдүн уюлдук телефон номурумду бердим. Эми биз биргеликте маселелерди талкуулап, бири-бирибизге жардам беребиз», - дейт райондук билим берүү мекемесинин башчысы Сопубек Сариев.

Биринчи «Мэйкатон» 2018-жылдын май айында болуп өтүп, анын жыйынтыгында окуучулар өздөрүнүн идеяларын ишке ашырышкан. Алардын долбоорлору жол кырсыктары, өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатактар, таштанды жана спорт залынын жетишсиздиги маселелерин козгогон.

«Жагымдуу Кыргызстан» аталышындагы «Make-athon» «Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы Билим берүүчү дебат ассоциациясы (IDEA СА) жана БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда.

Кыскача маалымат: Борбордук Азиядагы IDEA – Борбордук Азиядагы жаштарга дебат багытындагы маалыматтарды, тренингтерди жана иш-чараларды уюштуруп, билим берүү кызматтарын сунуштаган жаштар уюму.

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келе жатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн, коомчулуктун өнүгүүсүнө бирдей катышуусу үчүн потенциалын жогорулатууга жана диалогдорду түзүүгө багытталган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up