Тоголок Молдо айылынын мугалимдери көрсөтмө куралдар боюнча сынакка катышты (сүрөт)

Тоголок Молдо айылынын мугалимдери көрсөтмө куралдар боюнча сынакка катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде көрсөтмө куралдар боюнча сынак өттү. Бул тууралуу аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Төлөбек кызы Анара билдирди.

Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата окуу куралдарынын көргөзмөсү өткөрүлдү. Аталган сынакка бардык мугалимдер катышып, жаңы үлгүдөгү кыймылдуу көрсөтмө куралдарын, окуучулардын логикасын, сынчыл ой жүгүртүүсүн, сүйлөө кебин өнүктүрүүгө багытталып жасалган окуу куралдарын көрсөтмөгө коюшту.

Сынактын негизги максаты — сабактын эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун арттыруу. Бул иш-чара мектепте жыл сайын өткөрүлүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up