Баетов айылындагы мектепте мугалимдердин кесиптик чеберчиликтери жогорулатылды (сүрөт)

Баетов айылындагы мектепте мугалимдердин кесиптик чеберчиликтери жогорулатылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде методикалык бирикмелер арасында кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекова билдирди.

Сынактын жүрүшүндө мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу, ыкма алмашуу, жаш мугалимдер менен насаатчы мугалим ортосундагы байланышты күчөтүү, сапаттуу инновациялык билим берүү, интернет, санарип техникаларын колдонуу боюнча тапшырмалар аткарылды. Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, мектептин грамотасы, кесиптик бирликтин сыйлыктары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up