Чоң-Алайдагы мектеп мугалимдери волейбол боюнча мелдешке түшүштү

Чоң-Алайдагы мектеп мугалимдери волейбол боюнча мелдешке түшүштү

Билим АКИpress - 16-февралда Чоң-Алай районундагы мектеп мугалимдери арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Мындай мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук спорт инструктору Абдимамат Абдилдаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, мелдешке эркек мугалимдерден 14 команда, аял мугалимдерден 10 команда катышты.

Турнирге жалпы 16 мектеп катышып, сыйлыкка 20 миң сом коюлду.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:
Агайлар арасында:
1-орун — Ленин атындагы мектебинин командасы — 3000 сом;
2-орун — «Кара-Кабак» мектебинин командасы, 2500 сом;
3-орун — «Көк-Суу» мектебинин командасы, 2000 сом.

Эжейлер арасында:
1-орун — Ленин атындагы мектебинин командасы — 3000 сом;
2-орун — Көк-Суу» мектебинин командасы, 2500 сом;
3-орун — Мурзакулов атындагы мектептин командасы, 2000сом.

«Мындан сырткары, «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу», «Жашы улгайган оюнчу» деген номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды», - деди Абдимамат Абдилдаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up