Республикалык «I Love English 2019» сынагында жеңген окуучулар менен мугалимдер сыйланышты (аты-жөнү, сүрөт)

Республикалык «I Love English 2019» сынагында жеңген окуучулар менен мугалимдер сыйланышты (аты-жөнү, сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 28-февралында К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан Америка Борборунда «I Love English 2019» видеосынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өттү. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2019-жылдын англис тилин окууну колдоо үчүн бир канча улуттук сынактардын демөөрчүсү болууда.

Жыл сайын өткөрүлгөн выдеосынак 2018-жылдын 1-декабрынан баштап 2019-жылдын 15-январына чейин болуп, «Лингва англис тили мектеби» коомдук фонду жана Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

«I Love English 2019» видеосынагы 11-февралдан баштап 22-февралга чейин жарыяланган «Англис тилинин 10 күндүгү» алкагында болуп өттү. Сынактын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында 250дөн ашык видеолор тартууланды.

Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн, фильм жана медиа тармагындагы адистерден түзүлгөн комиссия «Күлкүлүү», «Романтикалуу», «Өзгөчө оригиналдуу» деген 3 категорияда, ошондой эле сынактын баш байгесинин жеңүүчүсүн тандап алышты.

«Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан видео» болуп Facebook социалдык тармагындагы сынак баракчасында эң көп сүймөнчүлүккө, көрүүлөргө жана ой-пикирлерге ээ болгон видеоролик тандалды.

«Өзгөчө оригиналдуу» категориясы боюнча жеңүүчүлөр:

- 1-орун — Адилет Акботоев
- 2-орун — Светлана Бакирова
- 3-орун — Нуриза Болотова

«Күлкүлүү» категориясы боюнча жеңүүчүлөр:

- 1-орун — Айкүмүш Акылбекова жана Жанболот Абсатаров
- 2-орун — Санжар Нурбеков
- 3-орун — Данияр Богачиев

«Романтикалуу» категориясы боюнча жеңүүчүлөр:

- 1-орун — Кадыр Бердикеев
- 2-орун — Сүйүн Атабеков
- 3-орун — Айзада Ким

Сынактын баш байгесин Нуржамал Асангулова жеңип алды.

Ал эми «Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан видеонун» ээси болуп Мунара Осмонова табылды.

Ошондой эле англис тили мугалимдери арасында да сынак өткөрүлгөн. Ага 32 мугалим катышып, окуучулардын англис тилин эл аралык сүйлөшүү тили жана Америка маданиятынын ар кандай аспекттеры менен таанышышын өздөрүнө максат кылып коюп, сабак план-конспекттерин түзүп чыгышты. Эң мыкты сабак пландардын ээси болгон 6 башталгыч жана орто мектеп мугалимдери сыйлыктарды алышты.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана АКШ Элчилигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия сабак пландардын ичинен эң мыктыларын тандап алышты.

Мугалимдер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү:

- Динара Султанова — Таластын Жумагул уулу Алымкул атындагы мектеби;

- Айнура Турдалиева — Нарындын Жоробек Сатылганов атындагы мектеби;

- Гүлнара Сатыбалдиева — Жалал-Абаддын К.Акназаров атындагы мектеби;

- Akylzhan Zhyltyrova Акылжан Жылтырова — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби;

- Зейнеп Сулайманкулова — Бишкек шаарындагы №29 мектеп;

- Асел Сапарбаева — Нарындагы мектептен.

Кыргыз Республикасынын орто мектептеринде Америка ыр сынактары, викториналар, дебаттар, дубал гезит сынактары жана башка көптөгөн интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. АКШ Элчилигинин дипломаттары жана Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары орто мектептерде уюштурулган иш-чараларга катышууда.

Ошондой эле АКШ элчилиги орто мектеп мугалимдери жана окуучулары үчүн «I love English because…» темасындагы эң мыкты дубал гезиттер сынагын жана жогорку билим берүү жерлеринин англис тили мугалимдери үчүн «I love teaching English because…» деп аталган эссе сынагын жарыялады. Кошумча маалымат Facebook социалдык тармагындагы сынак баракчасында тартууланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up