Оштогу окуу жайлар менен мектептерде жол эрежелери боюнча сабактар өтүлүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто жума сайын жогорку окуу жайларга жана мектептерге жол эрежесин сактоо боюнча сабактар өтүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ЖКККБнын басма сөз катчысы Рашид Сыдыков билдирди.

«27-февраль күнү Ош шаарынын окуу жайларынын биринде (Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ош шаарындагы колледжи) ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан «Абайлагыла, балдар!» деген теманын алкагында «Жол эрежесин так сакта, келечекти баркта» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага студенттер катышып, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында сабактар өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар мектептерде жана жогорку окуу жайларда дагы да уланат», - деди Р.Сыдыков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up