Мен эч кимге тийишкен эмесмин. Бул чындык, - Бишкектеги окуу жайдын мугалими (видео)

Мен эч кимге тийишкен эмесмин. Бул чындык, - Бишкектеги окуу жайдын мугалими (видео)

Билим АКИpress - «Мен эч кимге тийишкен эмесмин. Бул чындык», - деди Кыргыз-Орус Славян университетинин доценти Денис Брусиловский окуу жайдын студенттик гезитинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып.

Ал бул жагдайды маңызсыз жана далилсиз деп эсептейт. «Кандайдыр-бир провокация жүрүп жатат...», - деди ал.

Брусиловскийдин айтымында, азыркы учурда 5 мүнөттө эле «скриншот» кылып алууга болот. «Программалар бар, бул оор эмес. Эгер карап көрсөңөр, ал жакта ар кандай стилде жана ар кандай шрифт менен жазылган. Чапталган окшойт», - дейт ал.

Ал бул кырдаалдын баарын провокация деп атады. «Мени университеттин имиджи көбүрөөк кызыктырат», - деп белгиледи Брусиловский.

Мурдараак интернет булактарында Кыргыз-Орус Славян университетинин окутуучусу менен студенттердин социалдык тармактардагы маеги пайда болгон. Анда мугалим студенттерге «өз колу менен тамак берүүнү, жуунтууну сунуштаган.

КОСУнун дүйнөлүк маданиятты жана динди окутуу кафедрасынын башчысы Юрий Подкуйко бул окуя январда болгонун тастыктаган. Дисциплинардык комиссия ишти карап чыккандан кийин окутуучуга сөгүш берип, гуманитардык факультеттен четтетүүнү чечишкен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up