Манас районундагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү (сүрөт)

Манас районундагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Манас районундагы мектептерде зордук-зомбулуктун, рэкетчиликтин алдын алуу максатында 4 күндүк иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жалпы 20 мектептин окуучулары катышышты. «Биз атайын прокурор Жылдызбек Заиров, РИИБдин кызматкери Артур Сланович, райондун имам-хатиби Маржалал Ажы Дадаев менен биргеликте Манас районунунда жайгашкан мектептерди кыдырып, чтүшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Бул иш-чара 4 күндөн бери өтүлүп жатат.

Иш-чаранын максаты — өспүрүүмдөр арасында зордук-зомбулуктун, рэкетчиликтин, эрте никеге туруунун, суициддин алдын алуу.

Прокурор, РИИБ имам жана окуучулар менен тыгыз иштеп туруусу зарыл. Анткени азыркы мектеп окуучулары бир нерсе болсо, дароо өздөрүнө карата кабыл алышып, өз жанын кыйууга чейин барып жатышат. Ошондуктан жыл сайын мектеп окуучулары менен биргеликте иш-чара өткөрүп турабыз», - дейт З.Маркашов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up