Мугалимдерди текшерүүгө чек коюлабы? - депутат

Нодирбек Каримов
Нодирбек Каримов

Билим АКИpress - Депутат Нодирбек Каримов (КСДП) мугалимдерди текшерүүнү чектөөнү сунуштады.

Ал 7-мартта парламенттин жыйынында айткандай, мугалимдерде чечилбеген көп көйгөйлөр бар.

Турак жай берүү боюнча программа жеңилдегенине карабай, жаш мугалимдер аймактарга иштегени барышпайт.

«Эмгек акынын аздыгына карабай, мугалимдер биздин балдарды окутуп жатышат. Азыр текшерүүлөрдүн саны көбөйүп кеткендиктен, мугалимдердин иштегенге каалоосу жоголуп калды. Алар мага телефон чалып: "Текшерүүлөр качан бүтөт? Биз иштебей эле койгонубуз жакшы" деп айтышууда», - деди эл өкүлү.

Каримов өкмөткө текшерүүлөргө чек коюуну сунуштады. «Мугалимдер Финполиция, Эсептөө палатасы жана башка органдар текшерген объектиге айланышты. Мугалимдердин көйгөйү чечилбей жатат. Маселени комплекстүү түрдө караш керек: текшердиңерби, анда көйгөйүн чечүүгө жардам бергиле. Коркутуу үчүн текшерүүнүн кереги жок», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up