Мугалимдердин эмгек акысы кандай болуп жогорулайт? Билим берүү министринин жообу

Гульмира Кудайбердиева
Гульмира Кудайбердиева

Билим АКИpress - Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысы жаңы окуу жылында жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева социалдык тармактарда окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эмгек акы маселеси президенттин, премьер-министрдин көзөмөлүндө. Жаңы окуу жылына чейин бул маселе каралат.

«Премьер-министрдин тапшырмасы менен министрликте чоң топ түзүлүп, бул маселе боюнча 2 вариантты сунуштап жатабыз. Биринчиси — эмгек акы мугалимдердин окуу жүктөмүнө жана билим деңгээлине жараша төлөнөт. Мисалы, орто кесиптик билими бар мугалимдерге саатына 60 сом, бакалавр деңгээли менен 67 сом жана магистр деңгээли менен 75 сом төлөнөт. Ал эми башталгыч класстын мугалимдери саатына 81 сом алат. Мугалимдердин 80%ы, 75 миң мугалим мектептерде иштеп жатса, алардын 68 миңи дипломго ээ. Биринчи сунушубузда магистр менен специалитетти теңдештирип, төлөмдөрдү 1 саатка эсептөөгө сунуш киргизип жатабыз.

Экинчиси — мугалимдердин эмгек акысы 3 бөлүктөн турат: базалык, компенсациялык жана стимулдук төлөмдөр. «Стимулдук төлөмдөр азыр 10% болсо, аны 20%га көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Ар бир мугалимдин ишмердүүлүгү кандай натыйжа алып келсе, ошого жараша стимулдук төлөмдөр 20%га көтөрүлүшү мүмкүн. Бул маселе, балким, жаңы окуу жылына чейин каралат», - деп билдирди Г.Кудайбердиева.

Ал майрам күндөрүнө дал келип калган сааттар башка күндөргө жылдырылып өтүлүп, эмгек акы сөзсүз төлөнөрүн кошумчалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up