Нарындагы Д.Мамбетов мектебинин мугалимдери арасында сынак өттү (сүрөт)

Нарындагы Д.Мамбетов мектебинин мугалимдери арасында сынак өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Д.Мамбетов атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында сынак өтүп, жеңүүчүлөр тандалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынак мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Нургүл Алсеитованын демилгеси менен насаатчы жана жаш мугалимдер ортосунда өткөрүлдү. Катышуучулар сабактарынын үлгүлөрүн көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында насаатчы мугалимдер арасында баш байгени Гүлжан Орозобаева жеңип алды. Ал эми жаш мугалимдер арасында Каныбек кызы Аима жеңди. Жеңүүчүлөрдү мектеп директору Айгүл Молдобаева администрациянын атынан куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up