Казакстандык мугалимдер Кыргызстанга тажрыйба алуу үчүн келишет

Казакстандык мугалимдер Кыргызстанга тажрыйба алуу үчүн келишет

Билим АКИpress - Казакстандын мугалимдери көп тилдүү билим берүү системасын киргизүү боюнча Кыргызстанга тажрыйба алганы келишет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандагы бала бакчалардын директорлору менен педагогдор Кыргызстанга келип, бала бакчаларда орус тили менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн ыкмаларын жана ар кандай моделдерин, мектепке чейинки курактагы балдардын эне тилин өркүндөтүүсүн ишке ашыруу жолдорун үйрөнүшөт. 14-15-мартта өтүүчү семинарда Кыргызстандын бала бакчалары мектепке чейинки билим берүү уюмдарында көп тилдүү программаларды киргизүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөшүү жана түшүнүү ыкмаларын өнүктүрүү шарттарын талкуулашат.

Бүгүнкү күндө Социалдык интеграция борборунун көмөктөшүүсү менен өлкөдөгү 42 бала бакчанын 200дөн ашуун тарбиячылары менен окутуучулар өз ишинде коммуникативдик сүйлөшүү ыкмаларын колдонушат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up