Жумгалда окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Жумгалда окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - ИИМдин кызматкерлери жана Жумгал РИИБи боюнча ЖКККБ башчысы Нурлан Алымкуловдун колдоосу менен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка 10го чукул мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 1-орунга О.Ногойбаев атындагы орто мектеби, 2-орунга Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясы, 3-орунга А.Молдокеев атындагы орто мектеби ээ болушту. Ал эми 4-орунду А.Сулайманов атындагы орто мектеби жана 5-орунду К.Акиев атындагы орто мектеби алышты.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up