Таласта мыкты мектеп ашпозчулары аныкталды

Таласта мыкты мектеп ашпозчулары аныкталды

Билим АКИpress - Талас шаарындагы жана районундагы 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган мектептер арасында 22-мартта «Мыкты мектеп ашпозчусу-2019» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, сынак А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде уюштурулду. Максаты — мектеп ашпозчулары арасында атаандаштыкты жаратуу менен мектеп менюсун жакшыртуу жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу.

Кароо-сынакка 29 мектептин ашпозчулары катышты. Алар сынактын жүрүшүндө мектеп окуучулары үчүн 1 күндүк меню менен ушул күнгө чейин даярдалып келген тамак-аштын, салаттардын, нан-булочкалардын, компоттордун түрлөрүн жана менюга киргизүүгө сунуш иретинде даярдалган тамак-аштарын көрсөтүп, жактап беришти.

Сынактын жыйынтыгында Талас шаарындагы мектептер арасынан 1-орунду А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин, 2-орунду №5 орто мектебинин жана 3-орунду Р.Рысакова атындагы №2 орто
мектебинин ашпозчулары ээлешти.

Ал эми Талас районундагы мектептер арасынан 1-орунду М.Козубекова атындагы орто мектебинин, 2-орунду К.Нурбеков атындагы орто мектебинин жана 3-орунду К.Момункулов атындагы орто мектебинин ашпозчулары алышты.

Жеңүүчүлөргө Талас райондук, шаардык билим берүү комитети тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up