Абхазиядагы университеттин студенттери тажрыйба алмашуу үчүн Бишкекке келишти (сүрөт)

Абхазиядагы университеттин студенттери тажрыйба алмашуу үчүн Бишкекке келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кеңсесинде Абхазия Республикасынан келген жаштар делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында Абхаз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы Алик Габелия, студенттер жана жаш активисттер бар. Жолугушуунун жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева фонд ишке ашырып жаткан демилгелер жана долбоорлор жөнүндө, ошондой эле чыгарып жаткан китептер жөнүндө айтып берди.

Делегация «Бишкек шаарынын 10 турак жай конушунда социалдык оорчулукту жеңилдетүү үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү», «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору», «Балдар филармониясы», «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар», «Мекендештер» форуму, «Билим фестивалы», «Жибек Жолу» көргөзмөсү, «Билим кербени», «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» деген сыяктуу долбоорлор жөнүндө маалымат алды.

Жолугушуунун катышуучулары фонд ишке ашырып жаткан бардык долбоорлорго кызыкдар экенин билдиришти.

«Буга чейин бизде фонддун иши саясатка багытталган деген түшүнүк болсо, эми мен силердин ишиңер канчалык кеңири экенине өтө таң калып отурам. Бизде көптөгөн окшош көйгөйлөр бар жана фонддун тажрыйбасынан алынган, биз бүгүн таанышкан көптөгөн демилгелерди биздин өлкөдө да ишке ашырууга болот. Силер аткарып жаткан демилгелер биздин элибизге да өтө пайдалуу болот. Мен жеке өзүм үчүн Абхазияда колдонууга боло турган айрым долбоорлорду белгиледим. Мага белгилүү инсандарды көрсөтүү аркылуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды алга илгерилеткен китептер абдан жакты. Негизинен жаштар менен иштегендиктен, мага Кыргызстан жөнүндө китеп абдан жакты, бул өлкөнүн географиясы жөнүндө баяндаган мыкты китеп. Мындай китепти биздин өлкөдө өзүбүздүн эне тилибизде чыгарууга болот. Катышып жаткан бардык студенттер үчүн бул жолугушуу өтө пайдалуу болду, биз көптөгөн баалуу маалыматтарды алдык, биз үйрөнө турган нерселер бар деп ишенем», - деп белгиледи делегациянын мүчөсү Ася Санасян.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up