ИИМдин Академиясы менен Оренбург мамлекеттик университети кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту (сүрөт)

ИИМдин Академиясы менен Оренбург мамлекеттик университети кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту (сүрөт)

Билим АКИpress - 27-мартта Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов менен Россия Федерациясынын Оренбург мамлекеттик университетинин ректору Жанна Ермакова кызматташтык тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында өткөрүлдү.

Форумга Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, агартуу министри Ольга Васильева, россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келишкен. Ал эми Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргызстан жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышты.

Иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы илим-билим алкагында кызматташтыкты кеңейтүү максатында өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up