Жети-өгүздүк окуучу республикалык «Жоокер ыры» сынагында 2-орунга татыды (сүрөт)

Жети-өгүздүк окуучу республикалык «Жоокер ыры» сынагында 2-орунга татыды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарында 27-мартта республикалык «Жоокер ыры» сынагы өттү. Сынактын «Патриоттук ырлар» номинациясы боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы К.Саалиев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Баяман Амазбеков 2-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гүлзат Бапаева маалымдады.

Анын айтымында, сынак «Согуш учурундагы ырлар», «Патриоттук ырлар» жана «Көркөм окуу» номинациялары боюнча өтүп, 30 окуучу ат салышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up