Россияда 6,5 миңдей кыргыз студенттери акысыз билим алып жатышат

Россияда 6,5 миңдей кыргыз студенттери акысыз билим алып жатышат

Билим АКИpress - Азыркы учурда Россияда 16 миң кыргызстандык студент билим алууда. Алардын ичинен 6,5 миңге жакыны Россия Федерациясынын бюджетинин эсебинен окушат. Бул тууралуу 28-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айтты.

«Ошол эле учурда 11 миң адам Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде билим алууда. Бул жогорку окуу жай 25 жылдан бери билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташуунун флагманы болуп келе жатат. Былтыркы жылы анын өнүгүшүнө Россия 185 млн рубль бөлгөн», - деди В.Путин.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up