Дипакадемия менен Россиядагы достук университети кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

Дипакадемия менен Россиядагы достук университети кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

Билим АКИpress - 2019-жылдын 27-мартында «Илим жана билим берүүнүн өнүгүшү – келечекке инвестиция» аттуу Кыргызстандын жана Россиянын ректорлорунун биринчи форуму өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Россия эл достугу университетинин ортосунда илим-билим жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ошондой эле Россия эл достугу университети менен КМШ тармактык университетинин алкагында биргелешкен магистрлик программаларды түзүү жөнүндө кызматташтык келишимине кол коюлду. Алар:

- Эл аралык мамилелер ( Багыты: «Дүйнөлүк саясат»);

- Юриспруденция (Багыты: «Эл аралык укук»);

- Экономика (Багыты: «Эл аралык соода»);

- Менеджмент (Багыты: «Эл аралык менеджмент» жана «Эл аралык
долбоорлорду башкаруу»).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up