Оштогу мектептерде жол эрежелерин сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Билим АКИpress - Ош облусунун аймагында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча ЖКККБ жана РИИБ боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 3-апрелден баштап Ош облусунун аймагында жайгашкан орто мектептерде жол кыймылынын эрежелерин сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. ЖКККБнын кызматкерлери ар күнү эртең менен жана түшкү убактарда окуучуларга чоң жолдон өтүүгө жардам беришет. Иш-чарага жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү да катышып жатышат.
Мындай иш-чаралар Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×