Ноокаттык окуучулар өрт өчүрүүчү шаймандар жана автоунаалар менен таанышты

Ноокаттык окуучулар өрт өчүрүүчү шаймандар жана автоунаалар менен таанышты

Билим АКИpress - Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Гафур Гүлям атындагы орто мектебинин жана М.Гапаров атындагы жатак мектебинин мугалимдери, окуучулары катышты. Анда ӨКМдин Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуучуларга өрт коопсуздугунун эрежелери, өрт чыккан мезгилде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, туура эвакуациялоонун жолдору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында окуучуларга өрт өчүрүүчү жана куткаруучу шаймандарды туура колдонуу эрежелери практика жүзүндө көрсөтүлүп, өрт өчүрүүчү автоунаалар тааныштырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up