Республикалык олимпиадада тарыхтан 1-орунду багындырган Калмырзаны мугалими кантип даярдаган?

Республикалык олимпиадада тарыхтан 1-орунду багындырган Калмырзаны мугалими кантип даярдаган?

Билим АКИpress - Балыкчы шаарындагы Л.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Калмырза Жолчубеков окуучулардын республикалык олимпиадасында тарых сабагы боюнча 1-орунду алды. Жолчубектин ийгиликтери тууралуу анын мугалими Нургүл Токтогонова айтып берди.

Калмырза 2001-жылы Балыкчы шаарында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Н.Токтогонованын айтымында, Калмырза тарыхтан сырткары шахматка жана англис тилин үйрөнүүгө кызыгат.

«Анын тарыхка болгон кызыгуусу 5-класстан тарта арта баштаган. Бирок олимпиадаларга 9-классында гана даярданып баштадык. Ал өзүнүн курдаштарынан үлгүлүү жүрүм-туруму жана окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланат. Келечекте ал эл аралык журналистика тармагында өзүн көрсөткүсү келет.

Тарых сабагынан олимпиадага даярдануу тынымсыз эмгекти талап кылат, анткени окуучу өзүн окуу материалдары менен гана чектебеши керек, ой жүгүртүүсү кенен болушу кажет, ошондой эле бул билимдерди күнүмдүк турмушта колдонуп, изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн аналитикалык жөндөмдүүлүккө ээ болуусу зарыл. Бул — олимпиадага даярдануунун негизги багыты. Бул багытта иштөө үчүн окуучу предметке кызыгып, өзүнүн билим запасын тынымсыз байытып туруусу шарт. Менин окуучум бул сапаттарга ээ.

Калмырза 3 жылдан бери тарых боюнча олимпиадаларга активдүү катышып келет. 2018-жылы облустук олимпиададан 2-орунду алып, республикалык олимпиадага катышты. Олимпиадага даярдыктар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жобосунун негизинде жүргүзүлдү. Даярдык учурунда эссе, очерк жазуу, иллюстрациялар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурдум. Мындан тышкары, биз татаалдаштырылган тапшырмалардын, ошондой эле тарыхый булактарды жана башка документтерди изилдөөнүн алкагында иштедик.

Тынымсыз эмгек жана мугалимдин окуучу менен тыгыз байланышы мыкты көрсөткүчтөрдүн ачкычы болоруна мен дагы бир жолу ынандым. Калмырзанын тарых боюнча терең билими келечектеги кесибине жана кийинки жашоосуна жардам берет деп ишенем», - деп айтып берди мугалими.

Ал эми Нургүл Токтогонова — Л.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими, КРнын улуттук билим берүүсүнүн мыктысы. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Педагогикалык ишмердүүлүгүндө көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Анын окуучулары шаардык, облустук, республикалык олимпиадаларда жана сынактарда байгелүү орундарды камсыздап келишет.

Нургүл Токтогонова

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up