Нарында окуучулар арасында аскерге чейинки даярдык боюнча спартакиада өттү (сүрөт)

Нарында окуучулар арасында аскерге чейинки даярдык боюнча спартакиада өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы мектеп окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка жалпы 8 команда катышты. Алар саптык даярдык, автоматты чачып-жыйноо, граната ыргытуу, турникке тартылуу, эстафеталык оюндар боюнча өз ара күч сынашты.

Жыйынтыгында Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин командасы 1-орунду, В.П.Чкалов мектебинин командасы 2-орунду жана А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин командасы 3-орунду камсыз кылышкан.

Жеңүүчүлөргө кубок, тиешелүү даражадагы диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up