Ноокаттагы олимпиаданын 30 жеңүүчүсү сүрөт мектеп-интернатына кабыл алынды

Ноокаттагы олимпиаданын 30 жеңүүчүсү сүрөт мектеп-интернатына кабыл алынды

Билим АКИpress - Ноокат районунун Ж.Садыков атындагы райондук көркөм сүрөт мектеп-интернатында 13-апрелде окуучулар арасында сүрөт олимпиадасы болуп өттү. Ага райондогу мектептердин 5-6 класстарынын окуучулары катышты. Бул тууралуу аталган мектептин директору Иса Алибеков маалымдады.

Анын айтымында, жыл сайын сүрөт боюнча олимпиада уюштурулуп, бирок жеңүчүүлөр мектепке кабыл алынчу эмес.

«Быйыл олимпиадага 200 окуучу катышып, жеңүүчү болгон 5-класстын окуучуларынан 30 окуучу сынаксыз кийинки жылга кабыл алынды. 6-класстарга грамоталар ыйгарылды. Олимпиада алгач натюрморт боюнча болуп, андан соң композицияда эркин темада сүрөт тартышты. 10-11-класска келгенде окуучулар сүрөттүн каалаган тармактарын тандап кетишет», - деди И.Алибеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up