Баткен шаарынын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Баткен шаарынын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен шаарында 17-апрелде «Жыл мугалими» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Сынакка Баткен шаарынын аймагындагы 6 мектептин мугалимдери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ачык сабактарды өтүп, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, хоббилерин көрсөтүштү. Андан сырткары, ыр-бийлерди аткарышты.

Жыйынтыгында Баткен облустук гимназия-жатак мектеп-интернатынын чет тили мугалими Токтокан Абдысаттарова 1-орунду ээлеп, кир жуугуч машина менен сыйланды. 2-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Асан кызы Гүлзат алып, түстүү сыналгыга татыктуу болду. 3-орунду В.Ленин атындагы орто мектебинин чет тили мугалими Гүлназ Исакова ээлеп, жылытуучу меш утту.

1-орунду камсыз кылган Т.Абдысаттарова сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up