Мугалимдер.kg: Бишкектеги мектептин мугалими Бурул Кулманова сынактардын мааниси тууралуу айтып берди

Мугалимдер.kg: Бишкектеги мектептин мугалими Бурул Кулманова сынактардын мааниси тууралуу айтып берди

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Бишкек шаарынын Ленин районундагы №82 жалпы билим берүүчү орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Кулманова Бурул Аскарбековна. Ал мектепте жүргүзүлүп жаткан иштер жаатында, өзгөчө мугалимдердин коомдук ролун жогорулаткан түрдүү сынактардын жүргүзүлүшү боюнча кеп козгоду.

«Биздин мектепте педагогикалык ишмердүүлүктө таланттуу, жөндөмдүү, шыктуу жана жаш мугалимдер арбын. Алардын чыгармачылыгын чыйралтуу, педагогикалык өнөрканасын байытуу, коомдук беделин көтөрүү максатында өз ара атаандаштыкты түзүү менен билим сапатын жогрулатууга болгон иш-аракеттеринин жаңы технологияларын изденип келебиз. Изденүү — ийгиликтин ачкычы боло турганын жан дүйнөбүзгө сиңирүү менен новатордук табылга жаратууга кадам таштайбыз. Мындай иштин түрлөрүн, ийкемдүүлүгүн, натыйжалуулугун атоого болот.

Шыктуу мугалим — усулдук чеберчиликтин устаты
Үстүбүздөгү окуу жылында педагогикалык кызматташтыкты арттыруу, иш тажрыйбалардын бирдиктүү топтомун түзүү максатында мугалимдердин «Чыгармачыл тобу» түзүлдү. Аны тажрыйбалуу мугалим Айнура Муканбетова жетектеп келет. Ушул топтун демилгеси менен «Шыктуу мугалим - 2019» сынагын өткөрдүк. Максаты — Жаш мугалимдерге үлгү болуу, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды изилдөө, топтоштуруу жана жайылтуу. Белгилеп кетүүчү жагдай, сынакка эмгек стажы 20 жылдан жогору мугалимдер катышып, иш тажрыйбаларын көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле мындай аракеттерибизди «Ийгилик деми» ата-энелер коомдук бирикмеси (жетекчиси Алмазбек Джалилов) колдоого алып, демөөрчүлүк да көрсөтүп турат.

Сынак төмөндөгүдөй тартипте өтүлдү:
1. Сабактын ыкмасын көрсөтүп берүү;
2. Педагогикалык-психологиялык суроолор;
3. Жан дүйнө;
4. Күтүлбөгөн суроолор.

Жаш мугалимдерге үлгү болууну максат туткан сынакта 1-орунду кыргыз тили жана адабияты мугалими Салтанат Мурзаканова, 2-орунду англис тили мугалими Айнагүл Койчуманова, 3-орунду башталгыч класстардын мугалими Айнура Арыкшаева ээледи.

Мындай иш-аракеттерибизди жогору баалаган мектептин директору Алмагүл Исраилова толук шарт түзүү менен окутуунун жаңы технологияларын колдонууга басым жасап келет. Бардык кыймыл-аракеттин механизмдери билим сапатын көтөрүүгө, татыктуу тарбия берүүгө багытталуусу зарыл экендигин баса белгилейт. Алдыңкы мугалимдерди колдоого алып, иш тажрыйбаларын алмашууга көмөктөшөт. Жакында алдыңкы мугалим Эида Укубаевага маданий-илимий коомунун «Данакер-Лингво» төш белгисин такты.

Ар жума, ай сайын жаңычыл көз караштардын жыштыгына багытталган иш-аракеттердин бири — апрель айында башталгыч класстардын ишмердүүлүгүн аныктоого көздөлдү. Анда сабактын түрдүү активдүү формалары, класстан жана мектептен сырткаркы иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө. Мындай аракеттер өз ыргагы менен жүргүзүлүп, мектептин жалпы жамаатын өз алкагына тартмакчы, - деп айтып берди Б.Курманова.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up