Кочкордо «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунда 17-апрелде окуучулар арасында өткөн «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан И.Арабаев атындагы орто мектебинде «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аталыштагы кароо-сынак өтүп, ага 19 команда катышты.

Сынактын жыйынтыгында И.Арабаев атындагы орто мектебинин «Ак Жол» командасы жеңүүчү болуп, сынактын Нарын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up