Ноокенде «Жыл мугалими» сынагын жеңгендер жайында чет өлкөдө эс алышабы?

Ноокенде «Жыл мугалими» сынагын жеңгендер жайында чет өлкөдө эс алышабы?

Билим АКИpress - Ноокен районунда 18-19-апрель күндөрү «Жылдын мыкты мугалими - 2019» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ноокендеги мектептин мугалими, билим берүүнүн мыктысы Уланбек Уметов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кароо-сынакка 12 мугалим катышып, алар өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, чыгармачылык портфолио, эссе жазуу, сабак өтүү шарттары боюнча таймашып, предметтик тесттик тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында баш байгени Масы айылындагы №29- Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлбахор Азизова жеңип алды. 1-орунду Шайдан айылындагы №31 Ж.Татыкулов атындагы билим берүү комплексинин мугалими Алтынай Кандаралиева, 2-орунду Сакалды айылындагы №12 К.Султанов атындагы орто мектебинин мугалими Саида Маткурбанова ээлешти. Ал эми 3-орунга Бүргөндү айылына караштуу №20 Матмуса атындагы орто мектебинин мугалими Акылбек Кубатбеков менен Ноокен айылындагы №13 Рахманжан орто мектебинин мугалими Клара Абдыкарова ээ болушту.

Калган катышуучуларга «Мыкты сабак», «Мыкты портфолио», «Мыкты эссе» жана башка номинациялар ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов, райондук мамалекеттик администрациясынын өкүлү Р.Жусупова, райондук «Ноокен жаңырыгы» гезитинин редактору Б.Райимбекова куттукташып, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн диплом жана ардак грамоталарына ээ болушуп, кесиптик бирликтин райондук комитетинин кызыктуу байгелерине арзышты. Аларга жайкы эс алууга чет өлкөлөргө жиберүү убадаланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up