Кара-Суудагы мектепте мыкты китеп окуган окуучулар аныкталды

Кара-Суудагы мектепте мыкты китеп окуган окуучулар аныкталды

Билим АКИpress - Кара-Суу районунун №99 Н.Сайдиев атындагы орто мектебинде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Китеп — билим азыгы» аттуу семинар өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Семинардын алкагында «Жаша китеп!» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты окурмандар аныкталды.

Семинардын соңунда 3 «Мыкты окуучу», 1 «Мыкты класс» жана «Мыкты мугалим» номинацияларынын ээлери табылды. Алар мектеп администрациясынын атынан грамота жана китептер менен сыйланышты. Андан сырткары, окуучулар арасында сүрөт сынагы өткөрүлдү.

Маалым болгондой, иш-чарага 56 китепканачы жана Кара-Суу районунун инспектору катышты.

Иш-чаранын максаты — окуучулар менен мугалимдерди китепти көп окууга үндөө, аларга шарт түзүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up