Сокулуктагы мектептин окуучуларына багыт берүүчү тренингдер өткөрүлдү

Сокулуктагы мектептин окуучуларына багыт берүүчү тренингдер өткөрүлдү

Билим АКИpress - Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Г.Капарова атындагы орто мектебинин 8-9-11-класстарынын окуучуларына «Инсандык Өнүгүү» клубу тренинг өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарада окуучулар келечекке койгон кадамдарын, окууга болгон көз караштарын өзгөртүү менен билим булагына жетелөө максатын үйрөнө алышты. Тренингде «Кыял жана максат», «Убакытты туура пайдалануу», «Чет тилдерин үйрөнүүнүн эфективдүүлүгү», «Китеп окуунун пайдасы» деген темалар камтылган.

Аталган мектеп директору Рахат Акматбековнанын айтымында, мындай тренингдер окуучуларга мотивация берип, аларды күчтөндүрөт.
«Мен тренингден соң окуучулардан: «Семинардан мөмө ала алдыңарбы?», - деп сурасам, алардын баары «ооба» деп жооп беришти. Окуучуларымдын көздөрү жанып, жүрөктөрү толкуп калганын сездим. Демек, мындай тренингдер өтүп туруш керек деген ойдо калдым», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up