Новопавловкадагы лицейде көркөм окуу сынагы өттү

Новопавловкадагы лицейде көркөм окуу сынагы өттү

Билим АКИpress - Новопавловкадагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-тарбия комплекс лицейинде Ч.Айтматовго арналган көркөм окуу сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынак 3 этап менен өтүп, ага Сокулук районундагы бардык мектептер катышты. Иш-чаранын алкагында кыргыз, орус жана англис тилдеринде көркөм окуу боюнча таймаш жүрдү.

Иш-чара Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сейнебүбү Абыканованын демилгеси менен уюштурулган. Көркөм окуган таланттуу окуучуларды райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбек Эмилбеков жана профсоюздун төрагасы Алина Бейшеналиевна куттуктап, ардак баракчалар менен сыйлашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up