Нарындык окуучулар аскерге чейинки даярдыктарын көрсөтүштү

Нарындык окуучулар аскерге чейинки даярдыктарын көрсөтүштү

Билим АКИpress - Нарын районунун мектеп окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча спартакиада өтүп, ага 5 өрөөндөн жеңип келген командалар катышты.

Маалым болгондой, катышуучулар спартакиаданын жүрүшүндө өздөрүнүн аскерге чейинки даярдыгы боюнча алган билимдерин сынашты. Калыстардын алдында аскердик спорттук оюндардын түрлөрүнөн көнүгүүлөрдү аткарышып, алгачкы аскердик даярдыктарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду Жерге-Тал өрөөнүнүн командасы, 2-орунду 8-март өрөөнүнүн командасы жана 3-орунду Достук өрөөнүнүн командасы ээлешти.

Спартакиаданы райондук билим берүү бөлүмү менен Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты биргелешип өткөрүштү. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана жеке биринчиликти камсыз кылгандарга баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up