ИИМ Академиясы дистанттык-сырттан окуу бөлүмүнө билим алууга чакырат

ИИМ Академиясы дистанттык-сырттан окуу бөлүмүнө билим алууга чакырат

Билим АКИpress - ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу факультети Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, мамлекеттик укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана фискалдык органдардын кызматкерлерин (аттестацияланган жана жалданма курамын) сырттан окууга чакырат. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Факультетте юриспруденция багытындагы жогорку юридикалык билимдин ээси болом деген кызматкерлер төмөнкү багыттар боюнча билим алса болот:

1. Орто билимдин негизинде 5 жыл;

2. Жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл (юридикалык эмес билим);

3. Атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл (орто атайын кесиптик билим).

Талаптарга ылайык, Академиянын сырттан окуу формасына орто билимдин негизинде 5 жыл окуу мөөнөтүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Ал эми жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл, атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл мөөнөттө окууга кабыл алынуучу талапкерлер ИИМдин Академиясында Кыргызстандын тарыхы, кыргыз (орус) тили жана адабияты сабактары боюнча сынак тапшырышат.

Факультетке төмөнкү документтер менен кабыл алынат:

- билдирме (арыз) жетекчисинин уруксаты менен;

- паспорттун көчүрмөсү;

- анкета;

- кызмат өтөгөн жеринен окууга жөнөтүү чечими менен кызматтык мүнөздөмө;

- аскердик-врачтык комиссиянын корутундусу (5 жыл гранттык бюджеттик орунга);

- акы төлөө менен билим алууга №0,86 медициналык маалымдама;

- билими жөнүндөгү документ (орто билими жөнүндөгү аттестат, орто атайын кесиптик жана жогорку билими жөнүндөгү диплом);

- кадрлар бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн 9х12 -1 даана, 3х4 – 4 даана сүрөт;

- 5 жыл окуу мөөнөтүнө талапкерлер 2018-2019-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жөнүндө сертификат бериши керек.

Талапкерлерди кабыл алуу 2019-жылдын 10-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Келишим акысы 1 жылга 18 миң сомду түзөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up