Бир катар музыкалык сынактарды жеңген Урмат Токомбаевдин келечекке койгон максаттары (сүрөт, видео)

Бир катар музыкалык сынактарды жеңген Урмат Токомбаевдин келечекке койгон максаттары (сүрөт, видео)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2-курсунун студенти Урмат Токомбаев. Ал 3 жашынан бери атасы менен чогуу ырдап, чыгармачылыкка жакын өскөн. Студент чыгармачылык жаатында жараткан ийгиликтери тууралуу кабарчыга айтып берди.

У.Токомбаев 1998-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Мен 3-4 жашымда эле атам менен чогуу ырдай берчү экенмин. Ошондон бери бардык туугандарым, жакындарым чыгармачылыгымды колдоп келе жатышат. Азыр көбүнчө поп жанрында ырдайм. Ырдаган видеолорумду соцтармактарга жүктөп, элдин сынына коюп, өзүмдү таразага салып турам. Албетте, ар кандай пикирлер жазылат. Жакшысы дагы бар, жаманы деле болот. Бирок ар бирөөсүн эле ойго алып, ойлоно берсе болбойт. Бардыгын чеги менен кабыл алам», - деди ал.

Урмат чыгармачылык менен талыкпай эмгектенип, бир топ сыйлыктарга жетишти. «Мектепте окуп жүргөн чагымда эле көптөгөн сынактарга катышып, бир топ байгелердин ээси болдум. Эл аралык «Жалын» деген сынактын жана университетте өткөрүлгөн «Манас үнү» деген вокалдык сынактын жеңүүчүсү болдум. Жакында эле «Асман» телевизиондук жана вокалдык долбоорунун 2 сезонунун жеңүүчүсү деп табылдым.

Өзүм Новопавловка №1 окуу-тарбиялык мектеп-лицейнин аяктагам. Азыркы учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн эстрадалык вокал жагында 2-курсута окуп жатам.

Келечектеги максаттарым — чоң үй-бүлө куруу жана чыгармачылыгымды өркүндөтүп-өстүрүү. Бир гана кыргыз элине эмес, дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал болсом дейм», - деп айтып берди жаш ырчы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Мои дорогие друзья!!! Всех С наступающим ?❄⛄ Хотел вас поздравить и поблагодарить вас всех с Наступающим новым годом! Кратко скажу что благодаря вам я добивался и выжимал из себя все что было надо ? . 2018-й год был для меня очень продуктивным и красочным .много увидел многое попробовал и много чего узнал. А самое главное - это Вера ! Она стала сильнее и где бы я не был моя Аура и везение всегда помогали мне в любой ситуации ??✊✊✊ Я желаю вам такого же победного настроя и бесконечной энергии !!!?? Не бойтесь в любых начинаниях все будет хорошо а самое главное не разочаровывайтесь ведь все к лучшему ??? НАДО ВСЕГДА ВЕРИТЬ В СЕБЯ ??

Публикация от Urmat Tokombaev (@tokombaev__)31 Дек 2018 в 3:46 PST

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up