Кичи-кеминдик окуучулар жол эрежесин бузган айдоочуларга машыгуу өтүштү (сүрөт)

Кичи-кеминдик окуучулар жол эрежесин бузган айдоочуларга машыгуу өтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылындагы Б.Юнусалиев атындагы орто мектебинин окуучулары жол кыймылын көзөмөлдөө кызматында кызмат өтөгөн Мирлан Сатаров менен жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жана география мугалими Бактыгүл Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, алар «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу аймактык сынакка даярданып жатышат.

«Биз «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу сынакка январь айынан бери даярданып жатабыз. Мектеп директорубуз мектеп ичинде «Жаш инспекторлор отряды» сынагын өткөргөн. Ошондой эле башталгыч класстарда ата-энелердин катышуусу менен сабактар өтүлдү. Мектеп ичинде өткөн сынакка райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти А.Искаков жана Кемин билим берүү спорттук техникалык коргонуу уюмунун директору А.Такиев катышып, диплом тапшырып кетишти.

Биздин мектеп жыл сайын сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишет. Былтыр зонадан 2-орунду алганбыз. Быйыл жаңы форма, жаңы көрсөтмө куралдарыбыз менен 1-орунду багындырабыз деген үмүттөбүз. Мектеп ичиндеги сынактан 1-2-3-орундарды алган окуучулар аймактык сынакка тандалып алынды.

1999-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн (20 жылдыктар) демилгеси менен 25 миң сомго форма тиктирилип берилди. Андан сырткары, көрсөтмө куралдар жасалып жатат. Окуучулар Кемин районуна барып, өзүбүздүн мектептин бүтүрүүчүсү, жол кыймылын көзөмөлдөө кызматында эмгектенген Мирлан Сатаров менен бирге жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, жол эрежелери боюнча машыгуу өткөрүштү», - деп айтып берди мектеп жетекчиси.

Учурда Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде 515 окуучу билим алууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up