Ак-Кудук айылындагы мектепте китепкана ачылып, 700дөн ашуун китеп чогулду (сүрөт, видео)

Ак-Кудук айылындагы мектепте китепкана ачылып, 700дөн ашуун китеп чогулду (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинде «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында китепкана ачылып, иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган долбоордун алкагында уюштурулган акцияда китепканага 700дөн ашык китеп чогулуп, өткөрүлүп берилди. Долбоордун ишке ашырылышына аталган айылдын жаштары жана мектептин мугалимдери, айыл өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Иш-чара мектепте өтүп, ага айыл тургундары, чакырылган коноктор менен бирге аталган долбоордун өкүлдөрү катышып, кызыл тасма кесилди. Мектеп директору Гүлзат Чолурова долбоордун максаты тууралуу маалымат берип, китептин жашоодогу пайдасы тууралуу айтылган аалымдардын сөздөрүнө токтолуп, китепти барктай билүүгө чакырды. Андан кийин долбоордун өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, айыл тургундарынын демилгесин колдоп, өздөрү ала келген китептерди тапшырышты.

Мектептин администрациясы тарабынан долбоордун ишке ашырылышына салым кошкондорго ыраазычылык каттар тапшырылып, иш-чара өнөрпөз окуучулардын концерти менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up