Таластын Арал айылындагы 2 мектепке жубайлар компьютер белек кылышты (сүрөт)

Таластын Арал айылындагы 2 мектепке жубайлар компьютер белек кылышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас районунун Арал айылында жайгашкан К.Нанаев жана М.Сейталиев атындагы орто мектептерге 19-апрель күнү мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрү — жубайлар Аалы Турдумамбетов менен Айна Шыгаева компьютер белек кылышты. Бул тууралуу мектеп директорлору билдиришти.

Маалым болгондой, мындан көп жылдар мурун К.Нанаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, өз кесиптери боюнча чет мамлекетте эмгектенип келген 70 жаштагы А.Турдумамбетов менен жубайы А.Шыгаева 2 мектептин окуучуларына 3төн компьютер тапшырып, мурун өздөрү билим алган мекемеге колдоо көрсөтүштү.

«Аалы ата менен Айна апанын белегин мектеп жамааты жана окуучулар кубануу менен кабыл алып, ыраазычылыгын билдиришти», - дешти мектеп директорлору.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up