Чек арада жайгашкан Таян айылынын 200 окуучусу авариялык мектепте билим алууга аргасыз

Чек арада жайгашкан Таян айылынын 200 окуучусу авариялык мектепте билим алууга аргасыз

Билим АКИpress - Өзбекстан менен чектеш Таян айылындагы мектеп 2 жолу жараксыз деп табылып, бирок азыркыга чейин иштеп жатат. Анткени аталган айылдагы окуучулардын андан башка билим уясы жок. Бул тууралуу аталган мектеп жетекчилиги билдиришти.

Алардын айтымдарында, Таян орто мектебинин имараты 1967-жылы ашар жолу менен курулган.

«Мектеп учурда кооптуу абалда турат. Бул мектеп 1967-жылы ашар жолу менен салынып, сапаты жакшы эмес. Ошондуктан буга чейинки жер титирөөлөргө туруштук бере албай, жарылган жерлери бар. Эшик-терезелери да чөгүп кеткен. Отургуч-парталардын да эскилиги жеткен. Окуу класстары караңгы. Балдардын билим алуусуна жакшы шарт жок. Мындан улам 2018-жылы айылга 220 орундуу мектеп куруу пландалып, бирок курулуш баштала элек», - дейт Таян орто мектебинин директору Бегали Камчыбеков.

Айылда андан башка мектеп жок болгондуктан, 200дөн ашуун окуучу жараксыз мектепте билим алууну улантышууда.

«Кышкысын суук болот. От жагабыз, түтүн жыттанган бөлмөлөрдө окуйбуз. Доска жакшы көрүнбөйт, класстар караңгы. Көзүбүзгө деле зыян болуп жатат. Башка мектеп салынса жакшы болмок», - деди окуучу Гүлнур Азатбекова.

Баткен районунун Таян айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешип, 2 миңге чукул калк жашайт. Айылда мектептен сырткары чек ара маселеси да бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up