Бишкектеги бала бакчалардын тарбиячыларына өзгөчө кырдаалдар багытында окуулар жүргүзүлдү (сүрөт)

Бишкектеги бала бакчалардын тарбиячыларына өзгөчө кырдаалдар багытында окуулар жүргүзүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкектеги бала бакчалардын тарбиячыларына 18-апрелде өзгөчө кырдаалдар багытында окуулар жүргүзүлдү. Бул туураулу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда шаардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жалпы түшүнүк», «Өрттөн сактануу эрежелери», «Суудан сактануу эрежелери» деген темаларда окуулар өткөрүлдү. Окутууну ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун турмуш-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын башчысы капитан Чыңгыз Ногойбаев алып барды.

«Бул окуулар ӨКМдин жана КР ББжИМдин өз ара аракеттенүү мерчеминин негизинде уюштурулуп, өткөрүлүүдө. Окуунун максаты – адамдарды ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардан сактоо, аларды алдын алуу жана катталган учурда өзүн коргоо болуп эсептелет. Окуунун аягында бардык мугалимдерге плакаттар жана колдонмо китептер берилүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 105 мугалим окуулардан өтүштү», - деди Ч.Ногойбаев.

Мындай окуулар билим берүү уюмдарынын мектепке чейинки даярдоо мугалимдерине, башталгыч класстардын мугалимдерине, аскерге чейин даярдоо мугалимдерине 16-июнга чейин өткөрүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up