Кара-Суудагы мектепте «Китеп — жан дүйнө ааламы» аттуу райондук семинар өткөрүлдү

Кара-Суудагы мектепте «Китеп — жан дүйнө ааламы» аттуу райондук семинар өткөрүлдү

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы М.Тешебаев атындагы орто мектебинде «Китеп — жан дүйнө ааламы» деген темада райондук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, семинарда башталгыч класстар боюнча тейлеген адис А.Хакимова «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында иш жүргүзүп жаткан 37 мектептин мугалимдерине Дүйнөлүк китеп күнүнө карата ата-энелер менен бирге китеп окуу канчалык деңгээлде пайдалуу экендигин айтты.

Иш-чара «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up