Өкмөт мугалимдер үчүн муниципалдык үй куруп берүүгө даяр. Маселе — каражатта

Өкмөт мугалимдер үчүн муниципалдык үй куруп берүүгө даяр. Маселе — каражатта

Билим АКИpress - Өкмөт мугалимдер үчүн муниципалдык үй куруп берүүгө даяр. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 24-апрелде парламенттин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат Евгения Строкова (КСДП) мугалимдер үчүн муниципалдык үй маанилүү экендигин белгиледи. «Профсоюз уюмдарынын шаардык комитети бул маселе боюнча бир нече жолу кайрылган. Эгер өкмөт бул үйдү 2019-2020-жылдардагы курулуш объектилеринин тизмесине киргизсе, Мамлекеттик курулуш агенттиги мугалимдер үчүн эле эмес, дарыгерлер, маданият кызматкерлери үчүн да муниципалдык үйдүн буйрутмачысы катары чыгууга даяр», - деди ал.

Өмүрбекованын айтымында, өкмөт мугалимдердин шаардык профсоюзунан кат алган. «Ошого чейин да мугалимдер ипотекага шарт жок экенин, аларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен муниципалдык турак жай керектигин айтып, бир нече жолу кайрылышкан. Биз караштырганбыз. Билим берүү министрлиги Бишкек шаарынан жер тилкесин таап, сунуштоону ниет кылып жаткан. Бирок негизги маселе — курулушка каражат бөлүү. Каражат жергиликтүү бюджеттен каралабы же республикалык бюджеттенби? Ушундай чечим кабыл алуу керек. Маселе актуалдуу», - деп түшүндүрдү вице-премьер-министр.

«Балким, курулушка коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттарды колдонсо болот?», - деп суроо салды Строкова.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүнө караганда, мындай кылмыш иштерден түшкөн каражаттар президенттин чечими менен мектептердин, бала бакчалардын, социалдык объекттердин курулушуна жумшалат. «Эгер дагы ушундай каражаттар түшсө, каякка жумшоо керектигин чечебиз», - деди ал.

«Кайсы билим сапатынын өсүшү тууралуу айтып жатканыңарды мен түшүнбөй жатам. Мугалимдердин социалдык жактан корголушу да билим сапатына таасир берет», - деди депутат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up